шыңгыр
- Коңгуроонун ичке үнү сыяктанып ачык, уккулуктуу чыккан дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коңур үндүү шыңгырттап, / Коңгуроосу баш жарат, / Конгону тунжур куш болду, / Түшүндө сонун иш болду, / Кондуруп жүрүп колуна, / Ошол түштөн ойгонду...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колундагы Сырнайза, / Шыңгыр этип үн чыгып, / Түшчүлүккө кетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →