шыңга
- Келбеттүү, узун, сымбаттуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…уу кең далы, / Эмикинин балбаны, / Өтө сулуу кызталак, / Меңсиз бети апаппак, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Баатырлык сыны таанылат, / Сары кирпик, жалтыр көз, / Шыңга бойлуу кагалес, / Өтө кыйын чабандес, / Жүрөгүндө кара жок, / Жазганып калар эр эмес, / Минген аты төрт айак, / Чаалыгып калар мал эмес, / Таамай кырк күн чабы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бүткүл кыймыл жер бети, / Тигилип кастык кылса да, / Мен көргөн жанкы Кененим, / Ал келбестей кептенди, / Семиз эмес, кагалес, / Шыңга бойлуу чабандес, / Оңойлук менен адамга, / Оморулар тоо эмес, / Оңой-олтоң жоо эмес, / Арзандык менен ар кимге, / Оморулчу бел эмес, / Деп кабарчы айтканда, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Беттешип пенде түтпөгөн; / Үстүнө кийген олпокко, / Жебенин огу жетпеген, / Бараңдын огу батпаган, / Найзанын учу тешпеген, / Чаппаса кылыч кеспеген; / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Шынга бойлуу найча бел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокморун жерден көтөрүп, / Чендеп алып болгуча, / Шыңга бойлуу чабандес, / Эти жадоо кагалес, / Бала баатыр бакырып, / Манастап ураан чакырып, / Эти ачынган жаш арстан, / Мурун чокмор чаптырып, / Булгап алган чокмор…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →