шырылда

китептерде 18 жолу, 7 китепте
  1. Шыр-шыр этүү, шыркыроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тура калып ордунда, / Эки колу боорунда, / Корккондон өңү саргарып, / Сийдиги агып шырылдап, / Баса албай турду шалдырап, / Багшалеги шалбырап, / Тоңгон уйдай чакчайып, / Эки көзү жалдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каттап сайып канчадан, / Сайып кетип баратат, / Таталаган төрт урук, / Каны суудай шырылдап, / Агып кетип баратат, / Шамал соккон алмадай, / Эр Кененим баштарын, / Кагып кетип баратат / Шибелер жүрөт чапкылап, / Ээсиз калган ат жыйнап, / Күнү түнгө ай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Солокенин булчуңдан, / Кара кан агып шырылдап, / Таначардай булчуң эт, / Чыканакта салаңдап, / Чыдатпай ооруп зыркырап, / Чабарга чама калган жок, / Колундагы чойун баш; / Ачуусу келген Солоке, / Эндиреп болду денге мас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Куйун болуп куулдап, / Өнүп турган жыгачтар, / Шамал тийген немедей, / Үн чыгарып шуулдап, / Жалбырактар дирилдеп, / Жайылып жаткан жазы кум, / Жан киргендей шырылдап, / Таштын баары мыдырап, / Кескелдирик, ташбака, / Айласын таппай тыбырап, / Чиркей учпай кыңылдап, / Баатыр бала Сейитим, / Элебей турат зымырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ошол кезде Семеңдин, / Кулактары шырылдап, / Чымын кирип алгандай, / Чың-чың этип чыңылдап, / Көзүнүн жээги ачышып, / Тилинин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →