шырп

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Жалбырактуу, чөп-чарлуу жер менен жүргөндө, аралаганда чыккан дабыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбача турат кылтылдап, / Оң жагына булт берип, / Сол жагына кылт берип, / Аркасында жылт этип, / Алдын карап шырп этип, / Жолборсу минген Майтору, / Кош кулагын жапырып, / Аркасын карап кылчактап, / Сымаптай болуп кылтылдап, / Койондон бетер бултуңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылдыздан мончок тагайын, / Шырп алдырып, сыр бербей, / Манжу менен жапандын, / Алда кандай сыры бар, / Анык кабар алайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мен төрт балага бир салынган өз төшөгүмдү таап алдым да, жылуу төшөктүн бир четин билдирбей ачып, жанга шырп алдырбай барып жылаандай жылып кирип кеттим... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →