шыркыра
- Шыр-шыр эткен дабыш чыгаруу, шырылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Колдору күйүп бырышты, / Доо кетип билек тарамыш, / Ичин карай тырышты, / Билгени жок торгой кыз, / Мынчалык болгон жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттешип турган бек затка, / Эки көзү чачырап, / Өзүнчө туруп ал жерде, / Төрөөттө кара баскандай, / Азуулары качырап, / Чок өчүп к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкул…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир убакытта катты алып, / Бечетин жырттып ачкалы, / Тизелери калтылдап, / Бели ооруп зыркырап, / Кыйналып барат Ажыкең, / Жаагынан тери шыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карчыт эти бөлүнүп, / Шыркырап каны төгүлүп, / Бура тартып буу чочко, / Минтип айтып турду эми: / — Сен Семетей, мен Сартбай, / Тең айтышсаң ал кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Суунун боюнда бутумду сунуп, тунук аба менен эркин дем алып, акырын гана шыркырап жаткан агымга карап, ойго кетип отурам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →