шырдак
- Оюу салынып түрдөлгөн, жерге салынар бети ичтелген, оюулардын жээктери жана жалпы эле кырка чекелери жээктелип (жээк басылып), кээде туташ шырылып тигилген жерге салынуучу кийиз.
- диал. Тердик (желдиктин алдынан салына турган токулга).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтындан кылган жан казан, / Ашкананын оозуна, / Күмүштөн кылган туулгага, / Дүмүнөн салып көмөргөн, / Салган шырдак четине, / Күмүштөн чеге чөгөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Төрдө, жаман шырдактын үстүндө отурган чекир көз старчын колунда эрмектеп, сындырып отурган жалгыз тал куурайын отко таштап жиберди да, Бурмакеге жооп берчүүдөй оңтойлонуп келип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →