шыргый
- Бутактары жок, ичке өскөн узун жаш карагай.
- өт. Узун, жумуру, түз жыгач.
- Бакан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрө салып айкөл шер, / Салышар жоого айла кер, / Акылында кеми жок, / Ааламдан ашкан кеменгер, / Токтолуп тура калыптыр, / Тоодой Калдай каапырдын, / Шыргыйдай узун найзасын, / Айкөл Манас кагыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сырнайза колдо зыңкыйган, / Шыргыйдай бойу шыңкыйган, / Санды көрүп шашпаган, / Сан экен — деп — качпаган, / Сапырылган заманда / Санаада ишин баштаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →