шыргалаңда
- Муз аралашып тоңо баштоо. [Жылкычылар] кыштын күнүндө шыргалаңдаган муздак кымыз ичише турган (Жантөшев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бел болгон баатыр жоголду, / Бешене бүткөн шор болду, / Ырысы элдин кырчылды, / Жыйналды элдин кырчыны, / Ачык күнү чүмкөлдү, / Күн жаабай туруп бүркөлдү; / Шыргалаңдап суу тоңду, / Шыбыргак шамал суук болду, / Көк-жашыл чөптөр кубарды, / Сайрабай куштар муңайды; / Тал-кайың бойун кере албай, / Талаада жыгач уйалды; / Карагай,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Шыргалаңдап карсылдап, / Муз жарылып тарсылдап, / Түрү катуу көрүнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шыргалаңдап буу чыгып, / Кээ бир жерде жарыктан, / Оргуштаган суу чыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →