шыралга
- Мергенчинин олжосунан берилген же сурап алынган үлүш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Капканга алдым үч кийик, / Көрүп калмак ич күйүп, / Шыралга менден сурады, / Бирөөнү бердим экөөнө: / “Тең жара бөлүп алгын” – деп, / Куру кетпей байланып, / Үйүңө кетип калгын” – деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арбын атсак текени, / Карылардын алдына, / Шыралга — деп — берели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →