шыпыр2
- Шыпыргы менен сүрүү, бир нерсенин үстүн сыдыра сүрүү, сүрүп тазалап кетүү.
- Сыдыра, сыйыра алуу.
- Эч нерсе калтырбоо, бүт бойдон алып кетүү, баарын алып коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…гы турган сабылып), / Эркек, катын аралаш, / Улуу-кичүү, кары-жаш, / Сүйүнүп агат көздөн жаш, / Чоң Кокон кыйын сүйүнүп, / Өзү мурда жүгүрүп, / Сарайдын баарын шыпыртып, / Сарамжалын бүт кылып, / Күтүнүп Кокон калыптыр, / Ойон Манас шер менен, / Зор Бакай, Чубак барыптыр, / Кыргыл баштап кырк баатыр, / Кырка чубап келатыр, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тек көнгөнү, / Айрылып экөө жөнөдү, / Кошуна барбай Кутургур, / Сары артуунун белеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом копкондо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эңишке келгенде эс ала түшүп, өргө келгенде артына шыпырылып кетип барам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Андан бир аз өткөндөн кийин Карышкыр жүгөнүн шыпырып, билдирбестен сарайдан чыгат да, кыз менен Болгонго келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →