шыпылда
- Шып-шып этип өтө тез кыймылдоо, тез-тез жүрүү, иштөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…короо кайтарып, / Бекбекей айтып безилдеп, / Саксакай айтып заңкылдап, / Казанда кайнап козулар, / Бышып жаткан быркылдап, / Эт бышырган катындар, / Эт оодарып шыпылдап, / Жанаша басып келин–кыз, / Күлкүлөрү шыңкылдап, / Бөрүнүн көрсө элесин, / Чүчкүрүп эчки быйтылдап, / Дөбөттөр үрүп арсылдап, / Кыйкырып койчу заңкылдап, / Аз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Илбирс болуп тура албай, / Мойундан чайнап жара албай, / Көк кептер болуп шыпылдап, / Көккө чыкты зыпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шыкылдаган Айчүрөк, / Шыпылдап учуп калды эми, / Шыбырган шамал салды эми, / Бөксөнүн башы мөндүрлөп, / Жаканын башы жамгырлап, / Асманда булут тундуруп, / Сегиз сай мөндүр куйдуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Алтын мейиз ширин сөз, / Асталай айтып чачылып, / “Кызды көрүп кылтылдап, / Кыргыйек куштай шыпылдап, / Адепсиз өскөн кутуруп, / Кызды көрүп жутунуп, / Койнуна колуң саласың, / Кандай бейбаш баласың, / Бул жоругуң койбосоң, / Бир балаага каласың..
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Айтып болуп тайгандар, / Басаарына калганы, / Аргымак ээрди кыбырап, / Тайгандардын караса, / Ооналактап шыйпаңдап, / Кош эмесе, дегенсип, / Жүрүп кетти шыпылдап, / Батууга кире берерде, / Аман болгун, дегенсип, / Аркасын карап кылчаңдап, / Көздөн жашын кылгыртып, / Жолго түштү ыкчамдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →