шып2

китептерде 39 жолу, 8 китепте шып 1 →
  1. Тездик менен, дароо, тез арада.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ «Жебени салса керичке, / Ажалым жетет менин, — деп, / Шыпшайдардын жебеге, / Кененим окту кездесе» / Деген ойду ал Чиктей, / Балтасын алып бакырып, / Каңкайлап ураан чакырып, / Таамай чапсаң Кененди, / Кетем деп жерге жапшырып, / Кененим жебе кездээрге, / Жакын жетти шаштырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аргымак жипти бек тиштеп, / Кетенчиктеп жөнөдү, / Барган сайын өөдөлөп, / Башкы зоого жакындап, / Келе жатат чөйрөлөп, / Аскадан чыкпай шып этип, / Тартылбай аркан койгондо, / Туйагы менен бек басып, / Бере көр, кудай, деп басып, / Тиштеп тартып чойгондо, / Тартылбас мезгил болгондо, / Туйагы менен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ошондо кайдан-жайдан жеткенин билбейм, бир кезде асмандан далпайган бир жору тик ылдый шорголоп түштү да мен кыйкырып жеткиче болбой, мындай узап, жайылып бара жаткан каздын бир баласын лып этип илип алып, шып этип атып чыгып кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Конок чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →