шынаа

китептерде 2 жолу
  1. Бир нерсени жаруу, бөлүү, ажыратуу же бек бекитүү үчүн урула турган, уңгу жагы калың, жазы келип, уч жагы жукараак, миздүү болгон жыгач же темир тилкеси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шакурду көрүп чыдабай, / Кирди Корун тура албай, / Чаба турган жарагын, / Жайын угуп алыңар: / Тегирмендин жети таш, / Саптаганы бек жыгач, / Жылгыс кылып бекиткен, / Шынаасы темир аралаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ерди, / Төшөртөлү эрлерди, / Эмгегибиз бул биздин, / Ыраазы кылсын элдерди, - / Чеберленип таптырып, / Сары өзөк талдан чаптырып, / Башы менен салына, / Айабай шынаа кактырып, / Буурсунду жасап бүтүрүп, / Аттарды кошко түшүрүп, / Тукумду койду чачтырып, / Чырпыктан мала тарттырып, / Кар суу менен айдатып, / Кийин азык казды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →