шымдан
- Көйнөгүн же башка ич кийимин шымдын ичине киргизип курчануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Камдагай бутка шымданып, / Каскаксыз найза колго алып, / Каарын салып жүзүнө, / Кара сур болуп муңканып, / Жете барып ал Көкөй, / Айтып турду кеп салып: / — Мен алыстан келген жолоочу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кармаса жиптей чойулган, / Койо берсе чогулган, / Караса нечен кубулган, / Белине темир курчанып, / Буулумду кийип шымданып, / Белден өйдө кийим жок, / Ортого келип олтурду, / Орто тоодой даңкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каныкей алып бергени, / Камдагай бутка шымданып, / Алтындан кылган чоң кемер, / Арстан белге курчанып, / — Гүлчоро менен Канчоро, / Эки балам келгин, — деп, — / Атаңардын белеги, / Каныкей азыр берем деп, / Хан Чубактын тону эле, / Муну балам кийгин, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сарыдан кийим шымданып, / Ак калпак кийип кырданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тогуз жүз койлуу тун уулу — Сааданбай тери шымдан бөлөк, өмүрүндө кездеме кийип көргөн жан эмес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →