шымалан

китептерде 1 жолу
  1. Жеңин, багалегин түрүнүү, түрүнүп шамдагайлануу.
  2. өт. Кандайдыр бир ишке кайраттанып, белсенип киришүү, белди бууп бет алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…деп, / Коколорун кысышып, / Жакаларын жыртышып, / Бел боолорун үзүшүп, / Ээктерге сүзүшүп, / Этектерин бөлүшүп, / Айкырышып сөгүшүп, / Баштардан кан жойулуп, / Шымаланып билектин, / Териси калбай сойулуп, / Күн-түнүнө айланып, / Аттардан түшө салышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →