шымал
- Түндүк, түндүк тарап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шымалды көздөй толгонуп, / Ашып түштү Чигитей, / Төө жайлоонун туу белден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чыгып келди кайкыга, / Ашкан из жок алдында, / Чубап изи кетиптир, / Шымал жакка кайрыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жамгырчы айтып болгунча, / Дүңгүрөп кетти чуу тартып: / — Тизгинди бердиң Манаска, / Бас десең, эми басабыз, / Баспай жатып албайбыз, / Батыш жакта дөөлөс бар, / Шымалда Шоорук доңуз бар, / Чыгыш жаккы Жанупта, / Араникти ээлеген, / Дөөкан деген соргуч бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн батышта барбаган, / Киши кармап киши алып, / Эчтеке биле албаган, / Бетиңди салып чыгышка, / Шымалда кара кырымга, / Алты ата, кубар сан, / Түп атабыз беш урук, / Моңгул менен манжуга, / Биз кетели кошулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Атбашы үстү кең Аксай, / Жетөгүз башы Жаңыжер, / Ушунча баскан көп талаа, / Таласка карайт баары жер, / Шымалды көздөй толгонду, / Иленин чыкты кырына, / Мундан нары казак, деп, / Кайра тарткан болжолу, / Терс айланып жол алып, / Күн батыш менен айланып, / Үчкошойдун бөк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →