шылы
- Ажыратып кесүү, сыйрып алуу, ажырата бөлүү.
- Кыя чабуу, кыя кесүү.
- өт. Тоноп алуу, эчтемесин калтырбай тоноп кетүү, алып коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачык айтчы Көкбөрү, / Алып келер жолумду, / Же чачынан кармап шылыйтып, / Кан кылбастан колумду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Туруп калып шылыйып, / Өзүнчө күлүп мылыйып, / Көйнөгүн чечип ыргытып, / Жыпжылаңач бул бетпак, / Жана болду тырмалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эң алдына сен баргын, / Мурдун шылый чапкының.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Тиктеп жатса шылыйып, / Ирмебей көзүн кылыйып, / Элестеген кыраңдан, / Көрүндү көзгө бир неме, / Жакындап келди бугуга, / Карап жатса бир неме.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Колунан бир сапар бошой түшкөндөй болдум эле, кайтып жана жетип, желкемден муунтуп, кармап алып дагы бир топ шылып жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →