шылуун
- Жулуңдаган куу, митаам, айлакер, алдым-жуттум.
- өт. Шамдагай, эпчил, тың.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыргалдуу Кеңкол, Таласка, / Кайкап түштү, эл келди, / Жыргап жатат кыргыздар, / Бир-бирине дем берип, / Күлүктү байлап жем берип, / Шылуундар минип атына, / Комуздарын колго алып, / Торгойдон муңдуу күү чалып, / Келиндер кагып жез комуз, / Ырчылары үн салып, / Жасоолдору башкарып, / Конокко бөлдү элди алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…рып кел, / Айтып кебиң салып кел, / Жазган катын караткын, / Жаңылыш болуп калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда, / Шылуун Серек мындайга, / Сайасы салкын тереги, / Ар качандан бир качан, / Кысылса тийет кереги.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кеби таттуу шылуундан, / Керекке келчү уулдан, / Найзакерден шыктуудан, / Балталашаар мыктуудан, / Канжар урчу камбылдан, / Кайра качпас даңгылдан, / Чокморлошчу балбандан, / Томкор…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шамдагай бала эн, шылуун, / Кол балтаны имерип, / Бар келтирип уңгусун, / Найзаны кагып жиберип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…ктолот, / «Алдымдан кыргыз жиберген, / Элчиби», деп ойлобойт, / Кайгуулга келген жол тосуп, / Чейчиби деп ойлонуп, / Калдуубет антип турганда, / Калкында канча шылуун бар, / Качырганын куткарбас, / Каманчы деген тыңы бар, / Каманчынын кадымтен, / Арылбаган чыры бар, / Калдуубетке Каманчы, / Карап туруп алчу эмес, / Шектүү кү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →