шылтооло

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Шылтоо кылуу, кандайдыр бир илинчектүү нерсени эптеп себеп катары көрсөтүү, бетке кармоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жазыксыз камчы чаппагын, / Жатсаң-копсоң ойлонуп, / Элдин тузун актагын, / Арбагы азыр Манастын, / Чыгарбай ойдо сактагын, / Карымын деп шылтоолоп, / Бастырбай үйдө жатпагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…елин тартып мекийип, / Чанагынан чыкчудай, / Ирмебей көзү чекийип: / “Каалгадай белестен, / Карап турсам калдайып, / Туу белде турсам далдайып, / Баспаган атка шылтоолоп, / Күдүңдөп жүрө бербесин, / Күн олтуруп кетпесин, / Караңгыда калдаңдап, / Кара ташты аралап, / Качып кетип жүрбөсүн, / Бекбача менден качат, — деп, / Акылы ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Арыгансып калбастан, / Ажымдын артып өнөрү, / Кеңкол өөдө жөнөдү, / Шылтоологон эмесин, / Камчыга шыбап бөлөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эрежени шылтоолоп, / Жер бергин — деп — ыктоолоп, / Кат жазалы Коңурга, / Бердике эптүү неме эле, / Атказалы Коңурга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– деп шылтоолоп туруп, жылт коёт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →