шылтоо1
- Жок себеп, бетке кармаган, эптеп себеп катары көрсөткөн, шылтоолой турган илинчектүү нерсе, түрткү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитейге жок жерден, / Бир шылтоону тапкалы, / Өзү кылган иштерди, / Ырсканга жапкалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бачым келсин сизди дейт, / Көрсөтпөсүн шылтоо дейт, / Ушуну айтып акимдер, / Ашыктырды бизди – дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Андай болсо, атаке, / Сурчабар токуп берейин, / Толугураак угуп кел, / Айчүрөктүн бар кебин, / Таап эптеп шылтоону, / Гүлчорону жиберсин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кымыз ичип олтуруп, / Кыйал мас болгон кезинде, / Шылтоо кылып токтомду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…болсо, / Башына сыймык бак консо, / Алып келе калыңар, / Кыргыздан айла болбосо, / Келбес бекен алыңар, / Таласка барып келгенче, / Коромжуга жок жерден, / Бир шылтоону табыңар”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →