шылкылда
- Түз тура албоо, ары-бери кыйшалактоо, кылжыктоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ойлоп барат кайран ат, / Заардын өтүп зардабы, / Муундары шылкылдап, / Ажырап барат бөлүнүп, / Кабырганын баштары, / Чыгып барат сөгүлүп,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мас болгондой шылкылдап, / Күлкү кыстап баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Далай күндөн бер жакка, / Аскер ачка, ат ачка, / Эрегишкен эр ачка, / Эми кантер экен, деп / Карап турган эл ачка, / Аттуу туруп шылкылдап, / Уйкунун жайы бир башка, / Жер тумандап көрүнбөйт, / Көзүн бардап караса, / “Кең пейил болсо Сейитим, / Эрдигине жараша, / Азык ичип, ат минип, / Жамап, жазк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сүйлөсө башы кылтылдап, / Катын үндүү кыңкылдап, / Токтобой мойну баладай, / Ары-бери шылкылдап, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Тамакайы былкылдап, / Келгендин баары жалдырап, / Сатайына карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →