шылкый
- Башын кыйшайтуу, башын төмөн салуу.
- Маанайы басаңдоо, көңүлү чөгүү, жүдөңкү тартуу.
- Дарманы кетүү, алсыроо, кубаты бошоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келе жатат бекен, — деп, / Ойлоп турат Атынек, - / Төрткө бөлүп аскерди, / Таласка кирер бекен, — деп, / Болжоп турат Атынек, / Башын салып шылкыйтып, / Акыл ойлоп келет, — деп, / Келип калса хан Калдык, / Тарашанын кырында, / Алай-күн өтүп кетет, — деп, / Аны ойлойт Атынек,- / Көкбөрү келип эми эле, / Мага …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Имере тартып тизгинин, / Абдан байкап көз салып, / Тиктеп калып кылыйып, / Жана өзүнчө каткырып, / Жалпайган мурду былчыйып, / Ого бетер Майтору, / Сендиректеп шылкыйып, / Ачууланып Бекбача, / Эки этегин түрүнүп, / Жеткиси келет жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– / Кылжейрен турат кындыйып, / Тел болду Алмаң шылкыйып, / Өмүр бойу унуткус, / Сабак болду бул кызык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Угуп алып арачы, / Убайга толуп санаасы: / “Калпты айтпайт дечү эле, / Баатырлардын адаты” / Башын салып шылкыйып, / Тапан ханга барганы, / Катар турган алдында, / Канча миң кошуун балбаны, / Калтырбай уккан кептерин, / Хан алдында айтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күн-түнү жок шылкыйтып, / Жумшап турган эл эле, / Алты күндүн алдында, / Айылдаш көчүп келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →