шылдыңда
- Шылдың кылуу, мазактоо, кордоо, келекелөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Миң кишини жоготуп, / Тентитип ийип бу чөлгө, / Убалына калбайлы / Мен жүрөйүн артында, / Алымсарык, Саламат, / Жүргүлө эки жанында, / Уйку уктаса шылкылдап, / Кайратың кетти кайда, — деп, / Ойготкула шылдыңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кызды көрсөң кылыңдап, / Жубанды көрсөң шылдыңдап, / Бучукту көрсөң бырбыңдап, / Тазды көрсөң быйрыңдап, / Тигиле тиктеп калбаңар, / Артыңарда ушак кеп, / Күпүрдү таап албаңар, / Карың барсың, жашың бар, / Акылың менен болгунуң, / Айтканды угуп, жаш балдар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күнөөлүк өтсө айтып кой, / Ачууңду сенин сурайын,- / Суйкалдан уккан кептерин, / Коройтуп айта албады, / Аштын кебин салганы: / — Абаке сени каралап, / Ташкенден келсем сабаалап, / Шылдыңдап жүрөт теңтуштар, / Кышында өлгөн атаңа, / Аш бере албай койдуң»- деп, / Мени кылып жаман ат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бизди шылдыңдаганды кудай шылдыңдап калсын!..— деп күңкүлдөп сүйлөнүп отуруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кичине эле кылт этсе: "Ак улаксың, акылы жок акмаксың", – деп шылдыңдап, ачууланса мүйүз матап, бөйрөккө сүзүп жиберчү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →