шылдың
- Бирөөнү келекелеп күлгөндүк, ыза кылгандык, шылдыңдагандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ебимди, / Төкпөй-чачпай айтып бар, / Жалпы кыргыз туташып, / Биригели, тил алса, / Коросон менен испандын, / Кошуп алсын олжосун, / Болбой койуп Каракөз, / Өзү шылдың болбосун, / Кененим бүгүн өзү жаш, / Элүүгө толук чыккан жок, / Өзүн ээрчип урпагы, / Асыл болду кызыл чок, / Бекбача жатат былк этпей, / Бейлин көрдүм мен аны…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өлбөй калсам бул бойдон, / Мени кудай урбайбы, / Кыз туруп эрден кур калган, / Кара жүз бейбак эле, деп, / Калгандар шылдың кылбайбы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алданып каңгай элине, / Ааламга шылдың болдук, — деп, / Токтообстон шапылдап, / Дабытай айтат акыл кеп: / — Адатыңча Кененим, / Койо берет калганды, / Өз элиңе кеткин деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…тти, — деп, / Сурайын мындан кепти деп, / — Арстан кайда жеңеке, / Бар эле менин кебим, — дейт, / Каныкей анда мындай дейт: / — Кебиме, Ажым, кулак сал, / Куру шылдың кылбаңар, / Төрт күндөн мурда мен бейбак, / Каңгайдан келген карыга, / Барып келген жайым бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →