шылдыра

китептерде 9 жолу, 7 китепте
  1. Шылдыр-шылдыр этүү, шылдыр эткен үн чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куйкалары шалбырап, / Кан куйулду шылдырап, / Каракушу жарылды, / Кыймылдаса кычырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Адырды кирип аралап, / Кетип барат куркулдап, / Учурап калды алдынан, / Шылдыраган бир булак, / Булактын келди жээгине, / Турбай өтө берерде, / Кеңкулага тил кирди: / — Э, Кененим баатыр, ай, / Эрдигиң бар, эсиң жок, / Эчтеке менен ишиң жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шылдыраган мөлтүр суу, / Алтын булак күмүш суу, / Сыйынган мазар булагым, / Аркамда калдың кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Шылдырап суудан үн чыкпай, / Каймактап чети тоңгонсуп, / Таңшанып булбул сайрабайт, / Тилин сууруп койгонсуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым: үйдү айландыра салган купкуу там, тамдын бурчундагы жалгыз аттын акыры, анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргол ойноп казган чуңкурлар... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →