шыктуу
- Шыгы бар, жөндөмдүү, ийкемдүү, ышкылуу, ынтаалуу, кунттуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келген элдин ичинде, / Найза сайар мыктуу бар, / Балта чабар ыктуу бар, / Чокмор менен шыктуу бар, / Мылтык аткан мерген бар, / Жаага огун керген бар, / Сойулга андес тыңдуу бар, / Билеги жоон балбан бар, / Бири онду жеңген бар, / Ала көөдөн дардаң бар,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алжан, алчын уруусун, / Аксакал менен жакшысын, / Айылды билген башчысын, / Кишиге жакын ыктуусун, / Тилге жакын шыктуусун, / Балта чабар мыктуусун, / Өзүнө тайын Мөңкөтай, / Чыкыртып алды үйүнө, / Мадыбектин айылына, / Аңдуучу киши койдурду, / Маданадан укканын, / Буларга айтып ол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…зыл уук кылабыз, / Ордону баккан токсон эр, / Бири миңге тең келер, / Мылтык атып, жаа тартып, / Баары мыкты кеменгер, / Найзакерден ыктуу бар, / Балтага андес шыктуу бар, / Алтымыш киши бөлүнүп, / Аттанып чыкты ушулар, / Алтымыштын ичинде, / Торсолдой деген бар эле, / Баш билгичи ал эле, / Мылтык атып, жаа тартып,” / Манаст…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Найзага шыктуу экенсиң, / Аның калды байкалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Акылман туулган Керменбай, / Алдынан улак алпар, деп / Кырк баланы куптады, / Келинден тандап ыктуудан, / Кишиге жакын шыктуудан, / Так отузду жумшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →