шыктан
- Бир нерсеге шыгы артуу, көңүлдөнүү, эргүү; дем кошулуу, жандануу, дилгир болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ээрден көчүк бултайды, / Үзөңгүдөн бут тайды, / Кескен терек кептенип, / Кырданып Корун кынтайды, / Кылымда даңкы бир бөлөк, / Кыргыздан чыккан кара көк, / Кесип башын таштады, / Хандарды канга чыктады, / Удаа сайып экини, / Эрен Манас баатырың, / Ого бетер шыктанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →