шыкаала

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Жылчыктан, тешиктен же башка кууш жерден көз жиберип кароо, көз салуу.
  2. Атылуучу куралдын (мис, мылтыктын) кароолу аркылуу мээлөө, кароолго түздөп кароо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коросон, испан, жедигер / Колубуз токсон алты миң, / Токсон алты желдетти, / Дүрбү менен шыкаалап, / Баарын санап алыптыр, / Биздер анча барбасак, / Бастырганы калыптыр, / “Көкбөрүгө баргыла, / Беш уруу эли болупсуң, / Белиңерди буугула, / Биргелешип тургул… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чигитей жүзүн көрө элек, / Торгой көрүп караанын, / Бурулуп төргө өтө элек, / Шыкаалаган тешиктин, / Түбүнөн басып кете элек, / Ак чөйчөккө суу алып, / Сары улагын дагы алып, / Ак сарыбашыл кой алып, / Ак боз бээден бирди алып, / Тайар кылып Көкөйү, / Камынып турган чыңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элесин көрүп эр Чубак, / Ээрчите улап шыкаалап, / Тарс дедире бир койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шыкаалабай кароолун, / Сүмбө менен от берип, / Сандоолунда аттырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Күндөгү кесибим боюнча бир күнү Бызаубак дегендин үйүнөн шыкаалап жатсам, ары жактан бирөө караңдап басып келип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →