шыйрак
- Буттун тизеден ылдыйкы бөлүгү.
- өт. Мылтыктын алдына коюлуучу кош буттуу тирөөч, таканчык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ата турган мылтыктын, / Шыйрагын жерге мадады, / Жыдыманды житирип, / Кароолун абдан карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ы, / Жаткан жайык талаа эле, / Жарылып оозу кетет деп, / Көмкөрмө темир кийгизген, / Көтөн ооз келтесин, / Көкчө көз октоп белендеп, / Арсак ташка таш койуп, / Шыйрагын кайрып өткөрүп, / Милтесине от берип, / Ооз отунун дарысын, / Бармак менен талкалап, / Арта салып кобурдан, / Тиктеп жатты чалкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арка буту жез билек, / Тутам шыйрак чаалыкпас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эки шыйрак тең сынып, / Мана минтип жан тынып, / Калбай калмак жабылды, / Кайда жүргөн Калдуубет, / Кеңкийген чочко табылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— деп оттун табына кызып турган ысык кычкач менен Бекдайырды шыйрак-тан ары салып калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →