шыйпаңда
- Куйругун булгалап шыйпактоо.
- өт. Жагынуу, жалпактоо; тийиштик кылып жакындоо, шыйпактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…жолборс Асылга, / Басташып барып тийерде, / Тажиктердин элинде, / Атынек деген бар эле, / Эл карыткан чал эле, / Ат арбытып жол жүрүп, / Жер арыткан чал эле, / Шыйпаңдатып көк атын, / Көкбөрүгө барды эле: / — Ой, Көкбөрү, жанымсың, / Калың тажик ханысың, / Элиң тажик турмайлык, / Коросон, испан, каңгайды, / Башкарыпсың баарысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тайгандын бири кыңшылап, / Кененимге жоолукту, / Таң атардын бүрүлдө, / Кененимге жакындап, / Куйругун булгап шыйпаңдап, / Алдына түшүп жөнөдү, / Бол жүргүнүң дегенсип, / Аркасын карап кылчактап, / Эр Кененим жөнөдү, / Кеңкула менен ыкчамдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мен Манастай чоңду көрбөдүм, / Жойлонуп турган шыйпаңдап, / Мен сендей корду көрбөдүм!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Толгоно басып келиндер, / Жөнөп кетет кыйшаңдап, / Илгеркиден калган нарк, / Бирине бири шыйпаңдаш, / Кай бири болот чоң сырдаш, / Кай бирөө калат талаалап, / Чогулушуп болгондо, / Эр Гүлүстөн кеп салат: / — Атамдан артык абам бар, / Ак сүтүн берген энем бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айтып болуп тайгандар, / Басаарына калганы, / Аргымак ээрди кыбырап, / Тайгандардын караса, / Ооналактап шыйпаңдап, / Кош эмесе, дегенсип, / Жүрүп кетти шыпылдап, / Батууга кире берерде, / Аман болгун, дегенсип, / Аркасын карап кылчаңдап, / Көздөн жашын кылгыртып, / Жолго түштү ыкчамдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →