шыйпан
- Чымындан корунуу үчүн куйругун булгоо, булгалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Менин да сага кебим бар, / Азгырып жүрүп атамды, / Сен алпарып өлтүрдүң, / Кебим тургай кегим бар, / Кырчаңгы болгон жылкыдай, / Мага келип шыйпанбай, / Кайда барсаң, анда бар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Күн ысыганда ого бетер тынчы кетип, куйругун шыйпанып, чычаңдап, сайгак-тай баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →