шыйпакта

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Эркелеп, кишиге асылып, куйругун шыйпаңдатуу, булгалоо (мис., ит).
  2. өт. Эркелөө; жагынуу, кошоматтануу; көшөкөрлөнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Токтоно албай Каракөз, / Жоор жылкыдай кыйшактап, / Түлкүдөн бетер шыйпактап: / — Хан Бетирке кебим бар, / Бери карап кулак сал, / Андан келсе ачууңуз, / Кытайды бузар демиң бар, / Калың Кангай турганда, / Эминеден кемиң бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Билмексен болуп Мөңкөтай, / Келип кетип шыйпактап, / Кеп салган сайын калп эле, / Күлгөн болуп ырсактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алтындан соккон чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Күмүштөн куйган чоң чачпак, / Май сооруда шаркылдап, / Канчоронун жанында, / Чачыкей турат арам күң, / Мас болгондой шалкылдап, / Айлана басып кыйшактап, / Терин аарчып шыйпактап, / Аркасын салбай чорого, / Айлана басып кыйгачтап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жата калып шыйпактап, / Кырчаңгыдай кыйшактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…е күлүп ыржактап, / Сойгон түлкү ооздонуп, / Тиштери чыгат ырсактап, / Мойундары токтобой, / Жоор жылкыдай кыйшактап, / Жасап айтып жалганды, / Куйругун булгап шыйпактап, / Кайра чапты жарышып, / Этектери далбактап, / Үзөңгү боосу үч кулач, / Төрт буту барат салпактап, / Кетилген жыгач табактай, / Таноолору барбактап, / Акыл уу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →