шыйгар

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Бирөөгө ылайыктоо, ыйгаруу, оодаруу, шилтөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арасынан шыйгарып, / Хан көтөрсүн бирөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аралап басып ылгады, / Сойобуз деп шыйгарды, / Сорполук чыкпайт булар, деп, / Айдап бизди чыгарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…без байлады, / Эр жагында капшытка, / Түндүктөн учун чыгара, / “Баланчада каруу бар, / Балан катын эптүү» – деп, / Эл кетпей турду шыкаалап, / Тыңдуулап бирден шыйгарып, / “Карышып колум кетти” – деп, / Улам бирден тыңдалып, / Эр азамат катындар, / “Мына эми түшөт” – деп, / Анталашып жатышты, / Аз болгондо Чыйырды, / Алтымыш к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акы менен Шатыке, / Дөөдөн чыккан балбандан, / Бир айлык жолго бир күндө, / Учса канат талбаган, / Суу ташы деп аскерге, / Он миң дөөнү шыйгарган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сегизи калды талаада, / Мергендерден ылганып, / Баргын деди Калдуубет, / Жумшады мени шыйгарып: / “Сен Ойротко баргын, — деп, / Жарадар болгон Ойроттон, / Барып кабар алгын, — деп, / Сакайып Ойрот бар болсо, / Айтып карап салгын, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →