шыдыр

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Шыр, токтоосуз, тез.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ласыңа жетип бак, / Ырчы, болуп өзүң баш, / Чубактын колу зындан аш, / Белди ашырып жүктөбөй, / Чубактын сөөгүн бекем кат, / Ысыккөл башы Жетөгүз, / Тегеренбей шыдыр бас, / Таласыңа жетип бак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жоо келди көрдүң далбактап, / Эки путу салбактап / Койо берсек бу жерден, / Таласка шыдыр барбайбы, / Уктап жаткан тынч элге, / Жуушап жаткан көп малга, / Төрдө олтурган чалдарга, / Жылаңач көтөн балдарга, / Чоң мүшкүлдү салбайбы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Боз сеңирди айлантып, / Шыдыр ылдый чубуртуп, / Кырылган кой шекилдүү, / Кырып жүрөт Канчоро, / Жон-жон ылдый жойултуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Арытан шыдыр келип, ушу жерге жеткенде көпкө токтотту. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондуктан келе сала шыдыр кирип кетүүгө бата албай, береги бир кара чокуда отуруп алып, көз алдыбызда жайнап турган шаарга карап көпкө чейин ойлонуп турдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →