шыбыш

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Шыбыр-күбүрдөн, шыбыроодон ж.б. чыккан ачык эмес дабыш, үн.
  2. өт. Астыртан болгон кабар, дайын, белги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аңгут кошулуп, / Тыргоот, ойрот бир болуп, / Урумдагы уссундан, / Кеңеште бар көп адам: / “Аш берем деп Бекбача, / Алпыбызды өлтүрүп, / Түктүүкуртту Бозойго, / Шыбыш берип жайлатты, / Алыскы жерге атты чаап, / Аны мындай айдатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…п баатырлар, / Ат үстүндө чалкалай, / Чирене тээп үзөнгү, / Кебирлери кайкалай, / Кобураба, шүк дешип, / Куу түлкүнү издешип, / Түрсүлдөтө бастырбай, / Түлкүгө шыбыш алдырбай, / Алчактатып тулпарды, / Артын бопбоз чаң кылбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ушул кезде дүйнөдө шырт эткен шыбыш өчүп, Василийдин деңиздеги аралдай жалгыз үйү, толкунсуз көлдө токтогон кемедей каалгып, мемиреп турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →