шыбыргак

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Майдалап, бүртүк-бүртүк болуп жыш жаап турган кургак кар жана суукта борошолоп жааган жаан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбача мында келгени, / Кой кайтарып кыр-кырда, / Шыбыргак жаан, куйунда, / Жүрүүчү Сатай сен элең, / Хан ордосу базарды, / Биличүү Бетер мен элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…лду, / Бешене бүткөн шор болду, / Ырысы элдин кырчылды, / Жыйналды элдин кырчыны, / Ачык күнү чүмкөлдү, / Күн жаабай туруп бүркөлдү; / Шыргалаңдап суу тоңду, / Шыбыргак шамал суук болду, / Көк-жашыл чөптөр кубарды, / Сайрабай куштар муңайды; / Тал-кайың бойун кере албай, / Талаада жыгач уйалды; / Карагай, терек өспөдү, / Какша… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жер чымырап көк чыкпай, / Текенин айы дегенде, / Титиретип суук чыкпай, / Жай күнү кыштай кылчылдап, / Ала канчык шыбыргак, / Жана кайта айланып, / Оона айына уланат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мени оору басмарлап, / Ачкалык элди басмырлап, / Алаканчык шыбыргак, / Таласты баскан кездерде, / Жоодарды карап кошо алып, / Токсон миң унаа дан артып, / Мага элес калтырдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кукулдаган чоң ак куу, / Кукулдап учуп калды эле, / Куйун шамал салды эле, / Шыңкылдаган чоң ак куу, / Шыпылдап учуп калды эле, / Шыбыргак шамал салды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →