шыбыра

китептерде 17 жолу, 8 китепте
  1. Башкаларга угузбай акырын айтуу, астыртан күбүрөп сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…нда Бадырек, / Чагылган күндөй күркүрөп, / Өскөн жыгач, чыккан чөп, / Айбатынан дүрүлдөп, / Титирек кирип жаткан жер, / Токтоно албай сүлкүлдөп, / Кумдун баары шыбырап, / Тоолор коркуп бүлкүлдөп, / Атаңа наалат Калыбек, / Айбаттуу келет кара нээт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Алган менен жетөөнүн, / Түбү куру калбаптыр, / Түбү жаман болбойт го, / Түртүшкөн душман болбойт го, / Теги куру калбаптыр, / Тебишкен жоосу оңбойт го” – / Деп ошентип Каныкей, / Шыбырап алды билгизбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кенжекеден Орусхан, / Көрбөй туруп кеп угуп, / Көп кеңешти ал угуп, / Зулпукеге шыбырайт: / — Балдар кандай көрүшөт? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бир кишиге билгизбей, / Шыбырашып кеңешип, / Хандыкты тартып алууга, / Кайрап азуу эгешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир убакта мен Ыйманкулду түртүп ойготуп, кулагына шыбырап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →