шыбыр
- Шыбырап акырын айтылган сөз, шыбыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шыбыр сөзүн элдердин, / Тыңшап укту бар кебин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыймыл этпей былк этпей, / Арстан баатыр Манаска, / Кайран Чубак ошондо, / Астыртан айтты шыбырын: / — Аткарбай кармай көргүн, — деп, / Алмамбеттин чылбырын,- / Арстан Манас кабылан, / Эр Алмамбет баатырды, / Кармай алды чылбырдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абышка, кемпир шыбырын, / Айчүрөк туйуп алыптыр: / — Жүр, байбиче экөөбүз, / Талаага чыгып кирели, / Деп Айчүрөк кемпирди, / Талааны көздөй салыптыр, / Ашкана үйгө баратып, / Гүлнарды көрө калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Акундун кызы кара бет, / Келиндин баарын кекетип, / Кыздын баарын бекитип, / “Шыбыр-күбүр кылганың, / Шыңкылдашып күлгөнүн, / Мени шылдың кылганың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тышта бирдемелер шыбыр-шыбыр болуп, кайра басылып калат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →