шыбак2

китептерде 9 жолу, 5 китепте шыбак 1 →
  1. Курулуштун дубалдарына, шыптарына шыбалган кумдуу ылай, кумдуу цемент.Үйдүн эски шыбагын түшүрүп, кайрадан жаңыртып шыбашты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жандан кечип урушмак, / Намыс үчүн мындайда, / Деп Бекбача бөлүндү, / Майтору менен жулунтуп, / Кой шыбактан башка жок, / Жаткан талаа түз экен, / Бекбачанын карааны, / Көргөн элге жүз экен, / Каар салышкан душмандын, / Өз башына күч экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылтырканы, шыбагы, / Жылжып аккан булагы, / Томуктай болгон тоосу жок, / Толкуган дайра суусу жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алла таала жан кылып, / Жаратканда буйругу, / Чыныкеге сүт берди, / Ачамай айры шыбактай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бетеге менен айуу чач, / Көөдө менен кой шыбак, / Кара кыйак буудай баш, / Түлкү мурун, жылтыркан, / Күн чагылып кулпунган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сырештен желим алдырып, / Чарага куйуп чалдырып, / Сыртына шыбак тарттырып, / Салакасын арттырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →