шыбага
- Бирөөгө тиешелүү үлүш.
- өт. Жаза, бирөөнүн күнөөсүнө, айыбына карата колдонулган чара.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тапан хан бизге хан эле, / Береке менен шыбага, / Тери менен тең агып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Серүүн булак бакчага, / Басып барды Чачыкей, / Жеңин жерге сүйрөгөн, / Желбегей басып үйрөнгөн, / Алтынга бойун шыбаган, / Талдай бели буралган, / Чачыкейди Айчүрөк, / Көрүп туруп кубанган, / Эр Семетей баатырдын, / Мурунку зайыбы ушу деп, / Өзү ургаачы эмеспи, / Азыр муңумду ай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аппак шыбаган үйү алда кайдан жаркырап, көрүнүп туруучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошентип менин шыбагам бүгүн үйдөгүлөрдүн пайдасына калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тапшырган милдеттерин түгөл орундап кайра келсем, менин шыбагама бир бөйрөк, бир шыйрак калтырып коюптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →