шуулда

китептерде 20 жолу, 6 китепте
  1. Шуу-шуу эткен дабыш, үн чыгаруу, шуу-шуу этүү.
  2. өт. Өтө тез жылуу, жүрүү; тез-тез өтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сыйкыры мыкты Кызылкыз, / Туман болуп түрүлүп, / Бир четинен сүрүлүп, / Куйун болуп бурулуп, / Шамал болуп шуулдап, / Зыркар болуп дуулдап, / Камыш болуп куулдап, / Капчыгай болуп зуулдап, / Алтымыш арып, кырк кыйал, Кызылкыз баарын салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оозунан түтүн буркурап, / Шамал чыгып дуулдап, / Ач белестен учуруп, / Ургандан бороон шуулдап, / Ортого келди шапырап, / Атын билбейт айтаарга, / Сапатына чакырат: / — Атың менен Шапырак, / Ажалга байлап керт башын, / Мага беттеп ким чыгат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ыдыгынан чочконун, / Куйун болуп куулдап, / Өнүп турган жыгачтар, / Шамал тийген немедей, / Үн чыгарып шуулдап, / Жалбырактар дирилдеп, / Жайылып жаткан жазы кум, / Жан киргендей шырылдап, / Таштын баары мыдырап, / Кескелдирик, ташбака, / Айласын таппай тыбырап, / Чирке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эки канат бүктөлүп, / Түйүнчөк болуп түйүлүп, / Канатынан куу чыгып, / Шуулдаган үн чыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Деп ойлонуп турганда, / Тажал Коңур куулдап, / Алдындагы Кара аты, / Ок жыландай шуулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →