шуудура
- Шуудур-шуудур этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төшүңдү жайгын сазың, деп, / Үн алышып каркылдап, / Өрдөк менен казың, деп, / Жээгиңде желек камышың, / Сыдырым соксо шуудурап, / Жагымдуу назик табышың, / Бөлөк- бөлөк чулдугуң, / Буткулда суунун тунугун, / Кымыз ичкен немедей, / Жутканда канат суусунуң, / Саргарат элең тепселип, / Са…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шамал улуп күркүрөп, / Чайкалып суулар дүркүрөп, / Жыгачтын баары шуудурап, / Күн чагылып жаркырап, / Түшүп кетчү кептенип, / Кара жер түбү дүп этип, / Ачып көздү жумгуча, / Мындай нечен шумдуктар, / Өтүп кетти шып этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Камыштын башы шуудурап, / Кара каш торгой чулдурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ана-мына деп карап турбай Султаналы жол боюндагы шуудурап турган куурайларды оро баштады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →