шуудур

китептерде 2 жолу
  1. Камыш, дарактын жалбырактары же башка өсүмдүктөр ыргалганда, жибек, шайы сыяктуу шуудурак материалдар кыймылга келгенде ж.б. учурда чыккан дабыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жангандык сырың билдирсең, / Тооторуң токуп сен минсең, / Азиз олуйа Таласка, / Кыз олуйа Кеңколго, / Мени менен бир кирсең, / Алдына барып абамдын, / Ачуусун сурап алабыз, / Ак сүтүн берген Каныкей, / Капасын сурап калабыз, / Канчоро менен Чачыкей, / Шуудур – арабча төө деген сөз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →