шуу2
- Катуу үшкүргөндө, мурдун катуу тартканда же бир нерсе катуу ылдамдык, өтө тездик менен шуулдап, дуу коюп өткөндө ж.б. чыккан дабыш.
- Коркуп кеткенде жүрөктүн болк этип, тез-тез согуп баштаганы да ушундайча айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урпагына уу берген, / Чыныга куйса шуу деген, / Жакып хандай как башты, / Кандай адам эскерет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көй бууданды өлтүрүп, / Көп баатырды жөө койуп, / Таанылмак экен турбайбы, / Өзү жалгыз дөө болуп, / Желмайан менен шуудуңгүт, / Эл оозунда макалда, / Өтө башка бир шумдук, / Көзү менен көрүүгө, / Алардын жайын билүүгө, / Атайын кастап чаптырып, / Өлчөп көргөн турбайбы, / Канчалык жоо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мылтыктан түтүн бур деди, / Жер дүңкүлдөп шуу деди, / Түтүн менен жалпы эл, / Кош жаңырык чур деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таза жерге жыктырдым, / Тармал ирик кырктырдым, / Кыздарга кылын тердирдим, / Шуушаң менен керттирдим, / Майда кумга сабаттым, / Төрт талаа кылып жасаттым, / Тигишип милте жаптырдым, / Тышынан чыраш тартырттым, / Ичине шайы ичтеттим, / Жээгине кара карматтым, / Борго кошуп болоттон, / Арасына ширеттим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошо бүгүн Куткарбас, / Ар-намыстан кетүүчү, / Кумсар сыйкыр, шуркуйа, / Аларды ишке салуучу, / Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, / Алмамбеттин кеп жабуу, / Телкүрөңгө эп жабуу, / Аккуланын ноктосу, / Омоктуу сыйкыр мына шуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →