шуртулда
- Тынч жүрө албаган, сөз аңдып тиешеси жок ишке, сөзгө деле тыңсынып аралаша берген, иши жок болсо да сөзү көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Көрүп туруп шуркуйа, / Токтоно албай култулдап, / Сейитини жеңер, деп, / Жеңилип калса Сейиттен / Амалым менин кетер, деп / Кош эмесе, деп койуп, / Жүрүп кетти шуртулдап, / Ачып көздү жумгунча, / Кирип келди мултуңдап, / Кыйналганын сездирип, / Тапан ханга чултуңдап: / — Кадырлуу хан, сен, деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жыландын каны чачылды, / Ар тарапка буртулдап, / Адамча сүйлөп баш жагы / Айтты муну шуртулдап: / — Оңбой калгын Куткарбас, / Мен Кумсарды жедиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Салаа-салаа тешиктен, / Атырылып шуртулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →