шумурай

китептерде 36 жолу, 3 китепте
  1. Шум, шумдук, куу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргыздан чыккан шумурай, / Уй мүйүздөн жасаган, / Чымылдакты тартканда, / Карылар жашып каңырык, / Койнуна жашын агызып, / Муңдуулар ыйлап эчкирип, / Делдейип тыңшап калучу, / Эчтемен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Томолок бет, дум далы, / Толук эле шумурай, / Эки жаагы салаңдап, / Чулук эле шумурай, / Шумурайды алганда, / Каныкей айтат мамындай: / — Келайтат арстан жаралуу, / Мен Каныкей санаалуу, / Эртеңден калбай көчүп кет, / Мында койбой баланы, / Ыйлап элге чуу са… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бул кара жүз шумурай, / Жедигер кыргыз элинен, / Туудуруп баккан атасын, / Тууп чоңойткон апасын, / Тартынбай жеген этинен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Шумурайды Куткарбас, / Кармап берет биздерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Конушбайдан кеп угуп, / Сен доңузсуң деп угуп, / Куткарбас айтты оолугуп: / — Сен Тапан хан саксайып, / Карыган койдой чакчайып, / Алдыма келип арз айтып, / Шумурайды жиберип, / Көөн айнытар дарт айтып, / Башка бүлүк салдыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →