шумпай

китептерде 14 жолу, 3 китепте
  1. Куу, митаам, шум.
  2. Кыргыйдын кырааны, алгыры.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Такыр аттын изи жок, / Жоготуп кеткен Кызылкыз, / Кубакай кыз, кумпай кыз, / Кудай урган шумпай кыз, / Азыраак чыгат кылымда, / Сыйкырчыдан мындай кыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кудай урган кумпайгыз, / Сыйкыры артык шумпай кыз, / Айланасын аң кылды, / Кечип адам кете алгыс, / Түшүп кетсе кокустан, / Түбүнөн адам чыга алгыс, / Маңгытча сүйлөп барбактап, / Жедигерди аралап, / Желип жүрөт дардактап: / — Сыйкырым эми бузулса, / Бекбачадан жан калбайт, / Ала кач! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чочуп кетип Зулпукан: / — Ой, кара бет шумпай кыз, / Бул айтканың кандай сөз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…уткарбастан ошондо, / Салтың артат, падышам, / Нускалуу сөз байкасаң, / Ушунчалык мен айтам, / Куу булуттай кумпай кыз, / Журт түгөткөн кан чачып, / Кубулжуган шумпай кыз, / Кырктан ашкан кары кыз, / (Тапан хандын көзүнө, / Мындай сулуу табылгыс), / Какжаңдаган Тапан хан, / Карыган кой көздөнүп, / Чакчаңдаган Тапан хан, / Ды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Деп шумпайды Тапан хан, / Сыздырып жолго салганы, / Бала кептүү шумпай кыз, / Барган жери Куткарбас, / Тапан хандын саламын, / Куткарбаска билгизди, / Өзүнүн барлык амалын: / — Тартып алып катынын, / Тапакка кайгы салыпсың, / Сейи… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →