шумкар
- Теги ителгиге жаткан, тээп алма алгыр куш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эмне болуп кеттим, деп, / Ачып көзүн ирмесе, / Ак шумкар сындуу сыланган, / Атанын уулу шер турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Топ-топ качкан немесин, / Тоодак тепкен шумкардай, / Томолотуп баратат, / Жалгыздап качкан немесин, / Жара сайып жүлүнүн, / Канын жайып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Камчы менен бир салып, / Алда минген бууданды, / Кыйкырып Чубак качырды, / Жалаң кылыч колго алып, / Сүйрөтүп жаткан Сыргакты, / Канча кабат тор салган, / Каңкайтып ээрин жуушатып, / Элүүнүн башын бир кесип, / Узунунан сулатып, / Өрдөк кууган шумкардай, / Чубак жүрөт чуратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байлап койсом өлөт, деп, / Агийиндей шумкарды, / Агытып кетип калганбы, / Олуйанын үйүндө, / Үч түлөгүн түлөгүн, / Жаныбарым Агийин, / Асмандап учуп бул жерге, / Бирге кабар салганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өткүрү эле экөөнүн, / Оорутпас көөнүн бирөөнүн / Көркөмү эле тулпардын, / Кумпайы эле шумкардын / Бушманы эле душмандын, / Медери эле туугандын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →