шумдуктуу

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Укмуштуу, коркунучтуу; эң башкача.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Абайлабай аш берип, / Ааламга батпай эл келип, / Айрыкча кангай шумдуктуу, / Анан келген окшойсуз, / Ээ кылбай этти жеп берип, / Алтын берсең алгандыр, / Алыңды билип чамалап, / Ашырып кебин салгандыр? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ойротто жок эр Чубак, / Опол тоодой кайкалап, / Жой болот кылыч-зулпукар, / Сууруп кындан алыптыр, / Суудай канын агызып, / Шумдуктуу уруш салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…у дебесин, - / Анда Кыргыл кеп айтат: / — Арбагы бийик арстаным, / Айбаты журтту басканым, / Кечээки келген бойунча, / Кебелип үйдөн чыкпадың, / Көп иштер өттү шумдуктуу, / Көрбөппүз түрүн асмандын, / Элебей калган экенсиз, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ат үстүндө шалк этип, / Уктап кетип түш көрдүм, / Бир шумдуктуу иш көрдүм: / Анттуу досум эр Көкчө, / Көкала тулпар, көк күбө, / Көрүндү көзгө бөлөкчө, / Аккула минип болтойуп, / Айкөл шер турган зоңкойуп, / Келген экен экөө деп, / Көзүмдү ачсам булар жок, / Жандоочу турат томсоруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шумдуктуу катын Айчүрөк, / Кангайдагы Таталаң, / Ошого салат Капсалаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →