шумдук
- Куу, митаам, уят-сыйыты жок.
- Кокустугу, коркунучу, опурталы бар; жоболоңдуу иш, окуя.
- Таң каларлык, укмуш, өзгөчө, сонун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чай ичкен бала Чигитей, / Кымыз ичип ала элек, / Суусуну мунун кана элек, / Күр эле кирди ал үйгө, / Күллү баары тебелеп, / Бул эмине шумдук?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Угуп туруп Дабытай, / Бул эмине шумдук, деп, / Бетин ачса кагаздын, / Берекелүү бек айбат, / Аты чыкты Кененим, / Андан кийин караса, / Мени менен көрүш, деп / Каты чыкты Кененим: / “Саламат менен А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Атылып мылтык тарсылдап, / Жабылып чыкты жолборс, шер, / Айбаттанып арсылдап, / Анталап Чубак шашылды, / Бура тартып атыны: / — Кытайың менен кургунуң, / Бул эмне шумдугуң?- / Алмамбет анда кеп айтат, / Айтканда Чубак ынантат: / — Көпүрө мурда бар эле, / Мындай иштер жок эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетей жүрөт куш салып, / Алда эмине шумдук, деп, / Кайран дөө турду муңканып: / — Кылганым бекер болгонум, / Каргышка кеткен чунак тоо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →